OpenLEX
Правовой акт · Законодательство

Распоряжение Евразийского межправительственного совета № 10 от 20.08.2021 О формировании рабочей группы высокого уровня по выработке предложений по сближению позиций государств ֊ членов Евразийского экономического союза в рамках климатической повестки

действующая редакцияполный текст оригинал

ЕВРАЗИЯ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕҢЕШИ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын «20» августу

№ 10

Чолпон-Ата шаары

Климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин позициясын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө

Климат, төмөнкү көмүртекти өөрчүтүү боюнча диалогду өнүктүрүү, ошондой эле климаттык маалыматтар банкын түзүү жана санариптик демилгелер маселесин иштеп чыгуу максатында:

1. Евразия экономикалык комиссиясы климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин позициясын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту (мындан ары – жумушчу топ) түзсүн жана анын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына билдирсин.

2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү Евразия экономикалык комиссиясына Евразия өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелер фондунун жетекчилигинин жумушчу тобунун ишине катышууга чакыруу менен мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынан төмөн эмес деңгээлде жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды берсин.

3.  Ушул тескеме Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтына жарыяланган датадан тартып күчүнө кирет.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү:

Армения Республикасынан

Беларусь Республикасынан

Казакстан Республикасынан

Кыргыз Республикасынан

Россия Федерациясынан